Биз социалдык тармакта

Ооганстанда интернет кайрадан калыбына келтирилди

Ооганстанда интернет кайрадан калыбына келтирилди. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo телеканалы Х платформасындагы аккаунтунда билдирди.

Телеканал интернет өчүрүлгөндөн кийин 48 сааттан соң кайра жеткиликтүү болгонун маалымдады.

NetBlocks интернетти мониторинг кылуу кызматынын маалыматы боюнча, реалдуу убакыт режиминде тармактын иштеши жарым-жартылай калыбына келген.

29-сентябрда NetBlocks Ооганстанда интернеттин толук өчүрүлгөнүн билдирген, муну "укук сактоо жана адептүүлүк чараларын кабыл алуу" менен түшүндүргөн.

"Талибан" өкмөтү өлкөдө интернетке тыюу салганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, өчүрүү оптоволокондук инфраструктуранын бузулушу менен байланыштуу экенин жана аны алмаштырып жатышканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан