Мусулмандар курултайында Уламалар кеңешинин курамын аныктоо талаш-тартыш жаратууда

Учурда Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтияттагы Улмамалар кеңешинин курамын түзүү маселеси талаш-тартыш жаратууда. Курултайдын делегаттарынын бир тобу Уламалар кеңешининин курамына мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндө иштебеген адам кириши керек экендигин айтышса, бир тобу бул сунушка каршы чыгышты. Абдышүкүр ажы Нарматов делегаттарды калыс болуп, кол көтөрүп добуш берүүдө өтө дыкат болууга чакырды. Белгилей кетчү сөз, муфтияттын жаңы уставына ылайык, Уламалар кеңешин мурдагыдай муфтий эмес, аталган кеңештин акр бир жыйынында төрага шайланып, ошол төрага башкара турганы белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан