Биз социалдык тармакта

Нью-Йоркто 17 кабаттуу турак жайдын дубалы ажырап кетти (видео)

АКШнын Нью-Йорк шаарында 17 кабаттуу үйдүн сырткы дубалы бөлүнүп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашууда.

"Нью-Йорк полициясы Бронкс районундагы Александер-авеню, 207 дарегинде жайгашкан имараттын жарым-жартылай урашы боюнча иш алып барууда",- деп билдирет Нью-Йорктун өрт өчүрүү кызматы.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. Бардык жашоочулар коопсуз жерлерге эвакуацияланды. Окуя болгон жерде тийиштүү кызматтардын баары иштеп жатышат.

Азырынча кырсыктын себеби жаратылыш газы экендиги айтылууда.

Нью-Йоркто 17 кабаттуу турак жайдын дубалы ажырап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан