Ысык-Көл облусунун аймагында бүгүн, 2-октябрда саат 06:43тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кажы-Сай кыштагынан 52 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 115 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген жок.