Ноокат районунда маңзат сатуу менен алектенген 2 адам кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда маңзат сатуу менен алектенген 2 адам кармалды. Бул тууралуу 16-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, Ош ОИИББинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “маңзатты мыйзамсыз сактаган” деп шектелип жергиликтүү эки тургун кармалды. Кармоо учурунда алардан 25 ширеңкеде гашиш табылган. 
Жалпысынан 500 грамм баңгизатын сактагандардын бири 27 жаштагы Т.Ш. мурда 5 жолу соттолгону аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalbek87
2014-01-17 08:44:52
ноокаттын центринде жашаган озбектер наркотик менен иш кылат деп уккамын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан