Биз социалдык тармакта

Ысык-Ата районунда жалпы аянты 200 гектар жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жалпы аянты 200 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, аталган жер тилкелери 1992-1994-жылдары муниципалдык менчиктин балансынан мыйзамсыз чыгарылып, ушул убакка чейин жергиликтүү тургундар тарабынан иштетилип келгени аныкталган. Мындан улам мамлекетке милдеттүү түрдө төлөнүүчү ижара акылары төлөнбөй калган.

Эсепке алынбаган жерлердин учурдагы базар баасы 1 миллиард 73 миллион 248 миң сомду түзөт. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жерлер кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан