Германиянын Мюнхен шаарында үй-бүлөлүк чырдан улам бир киши атасын атып, апасын жарадар кылып, үйдү өрттөп салган. Бул тууралуу Bild басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка карганда, окуя эртең мененки убакта болгон. Имараттан жардыргыч заттар да табылган. Полицияга түшкөн катка караганда окуя мурас талаштан улам келип чыккан. Шектүүнүн жансыз денеси жакын жердеги көлдүн жанынан табылган. Ал өз өмүрүн кыйган болушу мүмкүн деп болжолдонууда.
Ошондой эле DPA маалымат агенттиги октон дагы бир 21 жаштагы кыз жарадар болгонун кабарлады.