Биз социалдык тармакта

Индияда дарыгерлер кол жазмасын оңдоого милдеттендирилет

Индияда сот дарыгерлердин окууга татаал кол жазмасы бейтаптардын өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн деген чечим чыгарганын чет элдик басылмалар жазышты.

Адистер так эмес жазылган рецепттер дары-дармектерди чаташтырып алууга себеп экенин белгилешкен. Өлкөдө кээ бир учурларда бул оор кесепеттерге, анын ичинде өлүмгө алып келген окуялар болгону эске алынган. Ошондуктан жазуунун түшүнүктүү болушу маанилүү экени белгиленген.

Соттун чечимине ылайык, эми дарыгерлер рецептти түшүнүктүү жана баш тамга менен жазууга милдеттүү болушат. Мындан тышкары, эки жылдын ичинде санариптик маалымат киргизүү пландалууда. Индиянын медициналык ассоциациясы да бул чечимди колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан