Биз социалдык тармакта

Нью-Йорктун эл аралык аэропортунда эки жүргүнчү учагы кагылышты

Нью-Йорктогу эл аралык аэропортто эки жүргүнчү учагы кагылышты. Бул тууралуу CBS News телеканалынын кабарчысы Крис Ван Клив 2-октябрда X социалдык түйүнүндө билдирди.

"CBS News телеканалынын продюсери Жои Аннунзиато DL5714 бортунда болгон. Анын айтымында, алар конгондон кийин жүргүнчүлөрдү түшүрүү тилкесине бара жатканда, башка учак аларды сүзүп алган",- деди ал.

Кагылышуу "ЛаГуардия" аэропортунун учуп-конуу тилкесинде болгон. Натыйжада учактардын биринин канаты үзүлүп кеткен. Бир жүргүнчү "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан