Бишкектеги Улуттук китепканада бүгүн, 17-январда акын Бурулкан Карагулованын үчүнчү “Кыздар, ай” аттуу китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу китепканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган китептин биринчи жана экинчи чыгарылышында ар кайсы муундагы кыргыз акындарынын мекенге болгон сүйүүлөрү чагылдырылган. “Кыздар, айдын” үчүнчү жолу басылып чыгарылышында Ж.Асаева, С.Сейитова, Р.Мамырова, З.Мырзатаева, У.Кадыралиева жана башка акындардын чыгармалары камтылган. Ырлар жашоого, жаратылыш, адамзатына арналган сүйүү темасына жазылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Аялзат, жарык дүйнө жыргалысың, акындын жазып бүтпөс ырларысың” аттуу китеп көргөзмө ачылат. Анда кыргыз акындарынын белгилүү чыгармалары коюлат.