Биз социалдык тармакта

Баткендеги жаңы мектептин курулушунда кемчиликтер аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти тарабынан курулуш объекттеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Раззаков шаарында курулуп жаткан Жороев атындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу текшерилди.
Натыйжада "Сапат Строй Курулуш" ЖЧКсы тарабынан жол берилген бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Ошондой эле, курулуштун көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тапшырылган эмес. Мындан тышкары, коопсуздук техникалык эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталды.
Аталган компанияга башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилгени жана протоколдун негизинде айып пул салынганы кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан