Төкмө акын Кубат Тукешов Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылып, өзгөчө оор кырдаалдарда каза болгон айымдарга арнап ыр аткарды.
Ал кыргыз кыздарын барктоого чакырды. "Ак көйнөк кийчү кыздарың, ак кепин кийип кыйрады" деп ырдаган акын буга чейин зомбулукка кабылган кыздар, аялдар жөнүндө үн катып, учурда айрым эркектердин караңгылыгын билдирип, ата-бабалардын жолун эстөөгө чакырды.