Кыргызстанда бүгүн, 17-январда саат 06:44 чамасында күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук сейсмологиялык борбордон билдиришти. Жер титирөө 1 чакырым тереңдикте болгон жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 133 чакырым алыстыкта байкалган.