Бишкектеги ресторандардын биринде жөн турган кызды өтүп бара жатып, себепсиз эле тээп кеткен 30 жаштагы киши окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Социалдык тармактарда тараган видеодо ал кызды таанышы менен чаташтырып алганын айтканын угууга болот. Ошондой эле ал видеодо кыздан кечирим сурайт.
"Мен карындашымдан жана кыргыз элинен кечирим сурайм. Азыр өз каалоом менен милицияга баратам, мыйзам чегинде жооп берем",- деди ал.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте жөн турган кызды тээп өткөн кишинин видеосу тарап, андан кийин кармалганы маалымдалган.