Орусиянын Ульяновск шаарында 27 жаштагы аялын жана 4 жана 5 жаштагы эки кызын өлтүрдү деп шектелген киши күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Далилдер көрсөтүлгөндө, шектүү үч адамды өлтүргөнүн моюнуна алып, анын иш-аракеттеринин ырааттуулугун жана мотивдерин көрсөткөн. Тергөө комитетинин тергөөчүсү аны камакта калтыруу өтүнүчү менен сотко кайрылууга ниеттенүүдө",- деп айтылат Орусиянын Тергөө комитетинин облус боюнча билдирүүсүндө.
Буга чейин Ульяновск шаарындагы Киев бульварындагы батирде 27 жаштагы жаран аялын жана эки кызын өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылганы маалым болгон.