Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында жалпы наркы 94 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Жалпы аянты 1330 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.
Курулуш-монтаждоо иштери "Курулуш компания Бакай" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.