Биз социалдык тармакта

 АКШ Украинага жеткирүү үчүн НАТОго курал сатууну улантат

АКШ НАТО өлкөлөрүнө курал-жарак сатууну улантып, анын Украинага жеткирилишин көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдирди.

"Трамп абдан так айтты. Биз НАТОго курал сатууну улантабыз, ал эми НАТО ошол куралды Украинага жөнөтө алат", — деди Левитт Fox News телеканалына берген маегинде.

Ошол эле учурда ал The Wall Street Journal басылмасынын АКШнын Украинага Орусиянын аймагына сокку уруусу үчүн чалгын маалыматтарын бергендиги тууралуу кабар боюнча билдирүү жасоодон баш тартты.

"Биз жашыруун чалгын маалыматтарына байланыштуу маселелерди коомчулук алдында талкуулабайбыз. Муну ачык айтуу жоопкерчиликсиздик болмок", — деп баса белгиледи Ак үйдүн өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан