Биз социалдык тармакта

Бишкекте автобус айдоочусу "Тулпардын" ордуна тууганынын QR-кодун чаптап жүргөнү аныкталды

Бишкекте автобус айдоочусу "Тулпардын" ордуна тууганынын QR-кодун чаптап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, 30-сентябрда жана 1-октябрда 42-каттамдагы мамлекеттик номери 01KG 246 AR болгон автобустун К.Т. атуу айдоочусу "Тулпар" тиркемесинин QR-кодунун ордуна тууганынын жеке QR-кодун колдонгону аныкталган.

Учурда айдоочу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле бул фактыга юридикалык баа берүү үчүн материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

"Айдоочу шаардык милициянын 4-бөлүмүнө суракка алуу үчүн жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте автобус айдоочусу "Тулпардын" ордуна тууганынын QR-кодун чаптап жүргөнү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан