АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп X социалдык тармагындагы баракчасына жасалма интеллект аркылуу жасалган видеосун бөлүштү.
Видеодон 55 жаштагы айымды стилдүү кийим менен көрүүгө болот. Анын санариптик образы Трамп мунарасына окшош фондун алдында пайда болот. Чет элдик басылмалар Меланиянын ЖИ аркылуу жасалган видеосу интернет желесинде түрдүү пикирлерди жаратып жатканын жазышууда.