
Кыргызстан-Азербайжан театрларынын ортосунда чыгармачылык байланыш боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чарага Азербайжан театрынан директору Аскеров Ильхам Эльхан Оглы жана адабий-драмалык бөлүмдүн жетекчиси Джавид Зейналов, Кыргыз улуттук драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн улуттук театрларынын тарыхый өнүгүүсү, чыгармачылык тажрыйбалары жана сахналык өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү сөз болду. Ошондой эле, алдыда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий кызматташтыкты тереңдетүү багытында пикир алмашуу жүрдү.