Орусиянын Екатеринбург шааарында такси жүргүнчүсү Кольцово аэропортунан вокзалга бара жатып каза болду. Бул тууралуу URA.RU агенттигине шаардын өзгөчө кырдаалдар кызматындагы булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, таксисттен дүкөнгө токтоп, суу алып келип берүүсүн суранган. Таксист алып келгенде анын абалы начарлап кеткенин байкап, "Тез жардам" чакырган. Окуя болгон жерге келген медициналык кызматкерлердин аракетине карабай, жабырлануучуну сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда тергөө жүрүүдө. Өлүмүнүн себеби тергөө учурунда аныкталат.