Биз социалдык тармакта

P.Diddy сотко кат менен кайрылды

Америкалык музыкант жана продюсер P. Diddy (Шон Комбс) Манн мыйзамын бузуу боюнча өкүмдү күтүүдө судьяга кат жазып, кечирим сурады жана өз жоопкерчилигин моюнга алды. Ал балдарга, энесине жана башкаларга тийгизген зыян үчүн өкүнгөнүн белгилеп, камакта өткөн убакыт өзүнө сабак болгонун айтты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Комбс өзүнүн мурунку сүйгөн кызы Кэссиге карата кол көтөргөндүгүн моюнга алып, балдарынын жанында болууга, үй-бүлөсүнө кам көрүүгө жана коомго пайдалуу адам болууга мүмкүнчүлүк сурады. Ал 25 жылдан кийин биринчи жолу толугу менен спирт ичимдиктеринен алыстап, башка камактагыларга жардам берүүдө.

Прокуратура Комбс үчүн 11 жылдан ашык мөөнөт талап кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан