Египеттин Асуан провинциясында египеттик жигит үйлөнүү тоюнда колуктусу менен бийлеп жатып, күтүүсүздөн каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Күбөлөрдүн айтымында, Ашраф Абу Хакам колуктусу менен салттуу саиди бийин аткарып жаткан кезде капысынан жыгылып түшкөн. Коноктор ага жардамга келишкен, бирок жигит жеринде каза болгон.
Дарыгерлер кийинчерээк жигитти жүрөгү капыстан токтоп калганын жана анын өлүмү дээрлик көз ирмемде болгонун аныкташкан. Окуя тууралуу кабар социалдык тармактарга тарап, жүздөгөн адамдар анын жакындарына көңүл айтышты.
Каза болгон жаш күйөөнүн достору анын күйүмдүү болгондугун белгилешүүдө.