Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө китепканалардын келечеги боюнча эл аралык конференция өтүп жатат

Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Аврора" санаторийинде "Заманбап китепкана - мамлекеттин стратегиялык ресурсу" аттуу эл аралык конференция башталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарада китепканалардын коомдогу ордун санариптик доордо кайра аныктоо маселеси көтөрүлдү.
Иш-чараны маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков ачып, китепканалардын билим жана технология борбору катары маанисин белгиледи.
Кыргызстан, КМШ жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 150дөн ашуун китепканачылар, IT-адистер, мугалимдер жана маданият кызматкерлери үч күн ичинде төмөнкү темалар боюнча талкуу жүргүзүүдө:
  • китепканалардын санариптик трансформациясы;
  • жасалма интеллекттин колдонулушу;
  • инновациялык IT-чечимдер;
  • инклюзивдүү долбоорлор;
  • руханий баалуулуктарды калыптандыруу.
Конференциянын жыйынтыгында сунуштар иштелип чыгып, китепкана тармагын өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынары кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан