Биз социалдык тармакта

Санкт-Петербургдагы дарыяга Porsche унаасы жүргүнчүсү менен чөгүп кетти (видео)

Бүгүн, 3-октябрь Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эртең менен трагедиялуу окуя катталды. Анда мас абалында Porsche үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочу катуу ылдамдык менен келип Фонтанка дарыясына түшүп кеткендигин орусиялык басылмалар жазышууда.

Айдоочу унаадан чыгып кеткенге жетишкен, ал эми жүргүнчү кыз сууга чөгүп каза болду.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Мас абалда унаа айдаган айдоочуга 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн.

ЖМКнын маалыматы боюнча, 33 жаштагы Даниил бул унаага ээлик кылган 3 жыл ичинде 80ден ашык жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдарын алган.

Санкт-Петербургдагы дарыяга Porsche унаасы жүргүнчүсү менен чөгүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан