Биз социалдык тармакта

Боомдо таш кулатуу пландалгандыктан жол жарым-жартылай жабылат 

6-октябрдан 10-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында (Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 128-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.

Чектөөлөр жана мөөнөттөр:

  • Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт.
  • Иш учурунда жол жарым-жартылай жабылат.
  • Унаалар топтолгон таштар тазаланган учурда бир тилке менен өткөрүлөт.

Ишкана айдоочулардан жол кыймылындагы чектөөлөрдү эске алып, сапарларды алдын ала пландап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан