Биз социалдык тармакта

Чүйдө шаарларды дизайн-код боюнча иретке келтирүү иштери жүрүп жатат

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй аймактык башкармалыгы тарабынан дизайн-коддун негизинде иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында райондук башкармалыктар атайын бекитилген дизайн-коддун негизинде убактылуу объекттердин, имараттар менен курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
"Дизайн-код - бул шаар архитектурасын, көчө-жолдорду, коомдук жана турак жай имараттарын бирдиктүү стилде өнүктүрүүнү камсыздаган документ. Анын максаты - шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана сапаттуу шаардык чөйрөнү түзүү",- деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан