
Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесине төшөлгөн жаңы асфальт-бетондун сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө сыноо лабораториясынын адистери битумдун, ошондой эле төшөлгөн асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү боюнча үлгүлөрүн алышты. Жүргүзүлгөн анализдердин негизинде материалдардын сапатынын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин аныктай турган сыноо протоколу даярдалат.
Алынган жыйынтыктар аэропорттогу учуу-конуу тилкесинин ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүүлүгүн баалоо үчүн колдонулат, бул анын коопсуз жана узак мөөнөттүү иштөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.