Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн Советское айылында жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Советское айылында наркы 91 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жалпы аянты 946 чарчы метр болгон имарат 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Курулуш иштери бардык курулуш нормаларына ылайык жүргүзүлүп, бала бакча заманбап жабдуулар менен камсыздалмакчы.
Учурда имараттын экинчи кабаты тургузулуп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан