Биз социалдык тармакта

Нарындын Лама айылындагы мектептин курулушу быйыл бүтүрүлөт

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Лама айылында курулуп жаткан жаңы мектептин курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин тендердик наркы 86 миллион сомду түзөт.
Жаңы мектеп 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залдан турат. Курулуш иштери бардык талаптарга ылайык жүргүзүлүп, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар менен камсыздалат деп айтылды.
Мектептин биринчи корпусу 1968-жылы, ал эми экинчи корпусу 2013-жылы курулуп пайдаланууга берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан