Биз социалдык тармакта

Англия чиркөөсүнүн диний жетекчиси болуп биринчи жолу аял шайланды

Англия чиркөөсүнүн руханий лидери болуп 63 жаштагы Сара Муллали шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

2017-жылы ал Лондондун биринчи аял епискобу болуп тарыхка кирген. Диний кызматка 2001-жылы киришкенге чейин Муллали медайым болуп иштеген жана бул тармакта да тарыхый кадам жасаган. Ал 1999-жылы Англиянын эң жаш башкы медайымы болгон. Кийин ал Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинде кызмат өтөп, King’s College London университетинин кеңешине мүчө болгон.

Англия чиркөөсүндө аялдарга 1994-жылы гана дин кызматчы болууга уруксат берилген. Ал эми биринчи аял епископтор 20 жылдан кийин, тагыраагы, 2014-жылы дайындалган.

Сара Муллали өзүн феминист деп эсептейт жана ЛГБТ укуктарын колдойт.

Бир жыл мурун мурдагы Кентербери архиепискобу Жастин Уэлби отставкага кеткен. Ага 1970–1980-жылдары христиандык лагерлерде жаш балдарды ур-токмокко алган юрист Жон Смайттын иши боюнча чиркөө эч кандай чара көрбөгөнү себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан