Биз социалдык тармакта

Баткендеги Төрт-Гүл объектинин мүлкү мамлекетке кайтарылды

Баткен шаарында жайгашкан Төрт-Гүл көчмө механикалаштырылган колоннасынын мүлк комплекси жана ага чектеш аймакты мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда УКМКдан кабарлашты.

Маалым болгондой, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ишкананын жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыздыгын түшүнүп, мүлк комплексин жалпы аянты 0,63 гектар жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө шаардык мэриянын балансына өткөрүп берди.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан