
Нарын облусунун бир катар райондорунда жол куруу иштери уланууда. Бүгүн, 3-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы бул тууралуу маалымат берди.
- Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды - Калинин жолунун 0-3-чакырымдар аралыгында асфальт басуу иштери каралган. Учурда жолдун негизи толук даярдалып, асфальт төшөө иштерин баштоого даярдыктар жүрүүдө. Иштер №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
- Нарын районундагы Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 3 чакырым тилкесин асфальттоо пландалган. Учурда жолдун негизи даярдалды. Жумушту №18 ЖТИ жүргүзүүдө.
- Кочкор районундагы Бердалиев көчөсүндө тротуар куруу иштери жүрүп жатат. План боюнча 3,43 чакырым тротуар каралган болсо, бүгүнкү күндө 1 чакырымына лоток жана бордюрлар орнотулууда. Иштерди №955 Жол тейлөө ишканасы аткарып жатат.
- Ак-Талаа районундагы Акталчат - Жогорку-Май автожолунун 7 чакырымын асфальттоо пландалып, азыркы учурда жер иштери жүрүүдө.
Кошумчалангандай, жол тейлөө ишканалары тарабынан күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдар даярдалууда жана кышкы тейлөө иштерине багытталган пландар аткарылууда.
Ошондой эле шагыл жолдорду тегиздөө жана тейлөө иштери улантылууда.