Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды (видео)

Жалал-Абадда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 2025-жылдын 24-сентябрында болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Иманалиев көчөсүндөгү үйдүн короосунан Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаа белгисиз адам тарабынан мыйзамсыз айдалып кеткен.
Бул факты боюнча 1976-жылы туулган Ч.Р.Ж. аттуу жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылып, унааны айдап кеткен Ж.К. аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин негизинде шектүү жаран Жалал-Абад облусундагы Ош–Бишкек автоунаа жолунун 454-чакырымынан унаа айдап бара жаткан жеринен кармалып, Жалал-Абад ОИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абадда  унаа урдоого шектүү жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан