Бишкекте митинг-пикеттерди өткөрүүгө салынган тыюу жылдын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринч май райондук сотунан билдиришти.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 30-сентябрындагы чечими менен Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май административдик району боюнча Муниципалдык администрациясынын арызы канааттандырылды", -деп айтылат маалыматта.
Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин төмөнкү жерлерде тынч жыйындарды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди:
“Ала-Тоо” аянтында жана ага чектеш Эркиндик бульварында (Линей көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин);
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана ага чектеш Панфилов атындагы паркта;
Усубалиев атындагы эски аянтта;
Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку соттун имаратынын алдында;
Орусиянын Элчилигинин жанында;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында;
Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында.
Мекемеден билдиришкендей, бул чектөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок тынч жыйындарга гана тиешелүү.
Альтернативдүү жай катары, жыйындарды өткөрүү үчүн Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Горький атындагы сквер көрсөтүлдү.