Кыргызстандын жаңы муфтийин шайлоо ызы-чуу менен коштолууда
Бүгүн,15-декабрда Кыргызстан мусулмандар курултайында жаңы шайланган Уламалар кеңешинин 35 мүчөсү, Кыргызстандын жаңы муфтийин шайлоо үчүн кеңешме залга кирип, муфтийликке талапкерлерди талкуулоодо. Кеңешме жабык эшик артында өтүүдө. Курултай учурунда муфтийлик кызматка учурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев жана делегаттар тарабынан сунушталган талапкерлер ат салыша турганы айтылган. Бирок кеңешме башталганда ызы-чуу жаралып, делегаттар сунуштаган талапкерлерди аталган кеңешмеге киргизбей койгону айтылды. Чүй облусунан келген делегат Асан ажы Саипов "сунушталган талапкерлерди киргизбей, учурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун талапкерлиги каралып жатат" деп курултай катышуучуларына маалымат берди. Бирок бир аз ыңгайсыз жагдайдан соң делегаттар тарабынан сунушталган 4 талапкер кеңешмеге киргизилди.