Биз социалдык тармакта

Француздук спортчу велосипед менен Эйфел мунарасына чыгып, дүйнөлүк рекордду жаңыртты (видео)

Француз спортчу, үч жолку Дүйнөнүн вице-чемпиону Орельен Фонтенуа Париждеги Эйфел мунарасына велосипед менен тепкичтер аркылуу көтөрүлүүдө дүйнөлүк рекордду жаңыртты. Бул тууралуу мунаранын расмий баракчасы маалымдалды.

"Ал 686 тепкичти 12 мүнөт 30 секундда көтөрдү. Бул — Орельен Фонтенуанын коюп жаткан жаңы дүйнөлүк рекорду!" — деп айтылат билдирүүдө.

Мунараны башкарган компаниянын сайтында белгилешкендей, спортчу бул көрсөткүчкө 2-октябрда жетишкен. Мурунку рекорд 2002-жылы жасалып, ал Юг Ришарга таандык болгон. Ришар бул аралыкты 19 мүнөт 4 секундда басып өткөн.

Француз спортчу велосипед менен Эйфел мунарасына чыгууда дүйнөлүк рекордду жаңыртты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан