Биз социалдык тармакта

 МККБ кызматкерлери эки жаштагы балага жардам көрсөтүштү (видео)

МККБ кызматкерлери эки жаштагы баланы талмадан сактап, өз убагында медициналык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кызмат учурунда милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине эки жаштагы баласынын ата-энеси жардам сурап кайрылган. Алардын баласынын күтүүсүздөн талмасы кармаган.

МККБнын кызматкерлери баланы ата-энеси менен бирге Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткиришкен.

Балага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок экени айтылды.

Баланын ата-энеси кыйын кырдаалда боорукерлик жана ыкчамдык көрсөткөн милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирген.

 МККБ кызматкерлери эки жаштагы балага өз убагында жардам көрсөтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан