Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Агартуу министрлиги билдирди.
Акчалай сыйлыкка татыктуу болгон жеңүүчүлөр:
- Айгүл Жолдошева – “Жылдын мыкты тарбиячысы”, Бишкек шаарындагы №93 “Адеми” мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Махабат Малабекова – “Жылдын мыкты методисти”, Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Оксана Эркалиева – “Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими”, Бишкек шаарындагы №162 мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Асия Нуркулова – “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси”, Чүй облусундагы “Чат-Көл Колосок” мектепке чейинки билим берүү уюму.
Ошондой эле бүгүн "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүлөрүнө да сыйлыктар тапшырылды.