Бишкекте мыйзамсыз гольфкар жана электрокарлар айып аянтчасына токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын №100 буйругунун талаптарын аткарбоонун негизинде, мыйзамсыз соода менен иштөө бөлүмү тарабынан 9 даана оюн-зоок кызмат көрсөткөн транспорт каражаттары — гольфкар, электрокар жана башка автоунаалар айып аянтчасына токтотулган.
Аталган чаралар мэриянын буйругуна ылайык жүргүзүлдү. Анда борбор калаанын төмөнкү көчөлөрүндө мындай транспорттор менен жүрүүгө тыюу салынары так белгиленген:
– Абдрахманов көчөсү,
– Киев көчөсү,
– Тоголок Молдо көчөсү,
– Жибек Жолу проспектиси,
– Малдыбаев көчөсү,
– Ахунбаев көчөсү,
– Айтматов жана А. Масалиев проспектилери,
– Гвардия жана Эркиндик бульварлары.
"Бул аймактарда гольфкар, веломобиль, велорикша, квадроцикл жана башка көңүл ачуучу транспорт каражаттары менен кызмат көрсөтүүгө катуу тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.