Биз социалдык тармакта

Түп районунда Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды (фото)

Кечээ, 4-октябрда Түп райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, министрдин орун басары, жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчылары, аймактык башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлер катышты.
Жаңы имарат бир кабаттан туруп, жалпы 288 чарчы метр аянтты ээлейт. Анда жети кызматтык кабинет, жыйындар жана күтүү залы, ошондой эле техникалык бөлмө каралган.
Мекемеден билдиришкендей, имарат заманбап архитектуралык жана техникалык талаптарга ылайык курулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан