Биз социалдык тармакта

Балыкчыдагы Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди (фото)

Кечээ, 4-октябрда Балыкчы шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага курулуш министри Нурдан Орунтаев, министрдин орун басары Бакай Турдугулов, департаменттин директору Замира Кангелдиева жана жергиликтүү башкармалыктын кызматкерлери катышты.
Министр куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаңы имараттын кызыл тасмасын кести.
Мекемеден билдиришкендей, имараттын курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталган. Ошондой эле буга чейин башкармалыктын кызматкерлери эски жана талапка жооп бербеген имаратта иштеп келгени айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан