Биз социалдык тармакта

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды

Бүгүн, 5-октябрда Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу таңкы саат 5те катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын Заалай тоо кыркасында, Бор-Дөбө айылынан түштүк-батыш тарапта 30 чакырым, Сары-Могол айылынан түштүк-чыгышта 38 чакырым, Талды-Суу айылынан түштүк-чыгышта 40 чакырым жана Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышта 45 чакырым аралыкта орун алган.

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында — 3 балл, Сары-Могол, Талды-Суу жана Ачык-Суу айылдарында — 2,5 балл болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан