Кечээ, 4-октябрда Римде Палестинага колдоо көрсөтүү максатында миңдеген адамдар катышкан митинг өттү.
Катышуучулар Палестина желектерин желбиретип, Италия өкмөтүнүн башчысы Жорджиа Мелонинин отставкасын талап кылышты.
Уюштуруучулардын айтымында, митингге бир миллион адам катышкан.
Митингге чыккандар Италиянын коргоочусу катары белгилүү Ыйык Франциск Ассизскийге арналган эстеликтин жанында чогулушкан.
Аянтка жакын көчөлөрдө унаа кыймылы толугу менен токтоп калган. Жолдор демонстранттар, туристтер жана жөнөкөй шаар тургундары тарабынан жабылган.