Бүгүн, 6-октябрда саат 02:29да өлкөдө очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү Жалал-Абаддын Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Министрлик жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кошумчалады. .