Бишкекте жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүү катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун адвокаты Майрамбек Молдокулов билдирди.
Анын айтымында, милицияга жеткинчектин апасы шектүүгө чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан экспертизалар дайындалып жатат.
Маалыматка караганда, шектүү делген киши жеткинчек кыздын телефонуна жыныстык мүчөсүн жана башка уяттуу видеолорду жиберген. Жабырлануучунун апасы арыз жазам дегенде, шектүү үстөмдүк көрсөтүп, коркутуу менен анын унаасын тартып алган. Бул тууралуу да арыз жазылып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыз 6 жашта, шектүү 41 жашта экени айтылууда.