Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Аны менен катар тротуар, бордюрларды орнотуу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.
Ал эми Шералиев көчөсүндө лоток орнотуу иштери жана жөө жүргүнчүлөргө ыйлайыкталган тилке бир тараптуу толук бүтүрүлүп, экинчи тарабында жумуштар кызуу уланууда.
Эске салсак, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык, ал эми Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт.