Биз социалдык тармакта

Нарындын Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулууда

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы 79 миллион сомду түзөт.
Жалпы аянты 1256 чарчы метрди түзгөн имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалат. Курулуш иштери 2024-жылы башталган, азыркы тапта имараттын экинчи кабаты тургузулууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан