Нарын шаардык салык кызматынын жетекчиси болуп Базарбек Алымканов дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу тааныштырып, салык план, тапшырмаларын аткарууда жергиликтүү калк, ишкерлер менен жылуу мамиледе ийгиликтүү иш алып барууну тапшырып, ийгилик каалады.