Биз социалдык тармакта

АКШда киши колдуу болгон украиналык кыздын аты менен мыйзам кабыл алынды

АКШнын Түндүк Каролина штатынын губернатору Жош Стайн ишембиде "Иринанын мыйзамына" кол койгонун чет элдик басылмалар жазышты.

Мыйзамга украиналык качкын, коомдук транспортто каза болгон 23 жаштагы Ирина Заруцскаянын ысымы ыйгарылган. Мыйзам долбоору күрөөгө бошотулган кылмышкерлерди көзөмөлдөөнү күчөтөт жана айыпталуучунун психикалык саламаттыгын тереңирээк изилдөөнү талап кылат.

Эске салсак, кыз 22-август күнү Түндүк Каролина штатындагы метродо өлтүрүлгөн. Видеожазууда качкын кызга эч себепсиз артынан бычак менен кол салганы көрүнөт. Ал эми кылмышка айыпталып 34 жаштагы Декларос Браун аттуу жаран кармалган. Ал 2011-жылдан бери 14 жолу камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан